DOLON MEDIA

Февраль айынан баштап Кыргызстанга гүл көп ташылууда

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 4 миллион даан гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдап, февралдын башынан бери алып келинген гүлдүн саны январдагы көрсөткүчкө караганда 31% көп болгонун белгиледи.

Маалыматка ылайык, эң көп ташылган гүл – роза. 1-февралдан бери өлкөгө 3,56 млн даана роза алып келинген. Андан кийинки орундарда орхидея, хризантема, лилия жана гвоздика гүлдөрү турат.

Гүлдөрдү ишкерлер учак менен ташышат. Гүлдөр- Кения, Эквадор, Нидерланд, Колумбия жана Кытайдан импорттолот. Ал эми  Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Календарда кызыл менен жазылып, эс алуу күнү болот.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.