DOLON MEDIA

Эки миң үй-бүлө “Социалдык келишим” менен ишкерлик кылууда

“Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү” долбоору Нарын облусунда 2022-жылы  башталган. Учурда бул долбоор менен 1миң 987 үй-бүлө  алектенүүдө.

Алсак, 2022- жылы 250, 2023-жылы 587, 2024-жылдын 11 айында 1 миң 150 аз камсыз үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлдү. Келишим түзүлгөн 1миң 987 үй-бүлөнүн ар бирине мамлекет тарабынан чакан ишкерчилик кылууга 100 миң сомдон, жалпы 198 миллион 700 миң сом берилген.

Социалдык контракт түзгөндөрдүн ичинен 69,4 пайызы мал чарбачылыгы, 18,8 пайызы тигүүчүлүк, жыгач устачылык, 7,5 пайызы кызмат көрсөтүү жана 3,9 пайызы  соода-сатык менен алектенип жатышат.

Маалымат үчүн белгилесек, жөлөк пул алуучу аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган  “Социалдык келишим” долбоору Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык ишке ашууда. Долбоор алгач облустун Жумгал районунда башталып, ал жакшы натыйжа бергендиктен, башка райондорго да жайылтылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.