DOLON MEDIA

Эхинококкоз оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүүдө

Кыргызстанда эхинококкоз оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору жана академик Рахатбек Оморов билдирди.

Анын айтымында, мурда жылына 30дун тегерегинде гана операция жазалса, учурда 300дөн өйдө операция жасалууда.

“Бул оору союз тарагандан бери эле өтө актуалдуу болуп келе жатат. Паразиттик оорулар жылдап билинбей жүрө берет. Мындан бир топ жыл мурда эхинококкоз, альвеококкоз оорулары Кыргызстанда жокго эсе болчу. Мурда өлкө боюнча жылына 30дун тегерегинде гана операция жазалса, учурда биздин эле ооруканада 300дөн өйдө операция жасалууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 миңге жакын киши эхинококкоз менен ооруйт. Бул ооруларды алдын алуунун башкы жолу эле гигиена, тазалык, касапканалардын эрежени сактоосу жана ит-мышык багууда дары берип, убагында дарылатып туруу. Ошону менен катар ар бир адам жылына бир жолу УЗИге түшүп турушу керек”,-деди ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.