DOLON MEDIA

ДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) эсебинде Кыргызстанда калктын 11% психикалык жактан жабыркайт. Аны менен катар ДСУ өлкөдө өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири шылдыңдоого кабыларын, бул алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, билимге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, стресске алып келерин билдирди. 2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын болжол менен 15% психикалык оорудан жабыркай турганы такталган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча депрессия жана тынчсыздануу жылына болжол менен 12 миллиард жумуш күнүн жоготуп, экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жыл сайын 1 триллион долларга жакын жоготот. Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы маалыматы боюнча, 29 миң 369 адам психикалык дарттан жабыркай турганы аныкталган. 2019-жылы 47 миңден ашуун экени белгиленген.

10 октябрда, дүйнөдө Дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү белгиленген күн. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш өз кайрылуусунда «Планетадаги ар бир сегизинчи адамда психикалык бузулуу бар» деп эскертти. Бул жыл БУУда иш орундагы психикалык саламаттыкты жакшыртууга көңүл бөлүүгө ал өндүрүмдүүлүктү гана жогорулатпастан, кызматкерлердин жашоо сапатын да жакшыртарын баса белгиледи.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.