Нарындагы “Долон медиа” уюму АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда “Медиа лаборатория” долбоорун ишке ашырууда. Анын алкагында 15 жаштан 25 жашка чейинки жаштарга медиасабаттулук жана журналистиканын негиздери боюнча үч айлык окууларын баштады.
Окуунун медиа тренери, белгилүү журналист Марат Токоев алгачкы окууда жаңылык деген эмне, аны жазуунун, маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоонун ыкмалары, маалымат алууда жана жазууда сабаттуу болуу тууралуу сабактарды өтүп, практикалык тапшырмаларды берди. Ага С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен, К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжинен журналист болууга кызыккан 20дай улан-кыздар катышты.
Анын айтуусунда, журналист болууну каалаган же жөн гана өзүнүн блогун алып барам деген жаштарга медиасабаттуулук боюнча сабактар керек.
“Азыр интернет желелеринде маалыматтар өтө көбөйүп жатат. Мындай шартта маалымат таратууда медиасабаттуу болуп, жалган менен чынды айырмалап билип коомго туура жана так маалыматты жеткирүү зарыл. Андыктан журналистикага жаңыдан аралашып, же өз алдынча болок алып барып жаткан жаштарга журналистиканын негиздеринен тышкары медиасабаттулугун арттыруу боюнча окуулар керек. Балдарга үч ай бою теориялык билимдер жана практикалык көнүгүүлөр берилет. Ар бир жазылган маалыматтар анализденип, талданып турат”,-деди Марат Токоев.
Долбоордун жетекчиси Жаркын Ибраева акыркы мезгилде адам баласына эң керек болгон тажырыйбанын бири медиасабаттуулук экенин белгилеп, маалымат берүүдө жана алууда да бул тажырыйба зарыл экенине токтолду. Долбоор алкагында окуп жаткан жаштар медиасабаттуу гана болбостон журналистиканын жанрларын үйрөнүп, аудио-видео монтажды сапатуу жасоону дагы өздөштүрүшөт. Окуудан өткөн улан-кыздар “Долон” мультимедиалык редакциясынан практикадан өтүшөт. Соңунда окууну мыкты өздөштүрүп, активдүү болгондоруна атайын сертификаттар, телефон өндүү белектер ыйгарылат.