Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өздүк булактарына таянып жазып чыкты. Депутаттын өзү комментарий бере электиги да кошумчаланган.
Депутаттын арызы Боршайкомдун 13-марттагы жыйынында каралат.
Курманкул Зулушев 54 жашта. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.
Прокуратура тармагына 2000-жылы келген жана 2007-жылга чейин Нарын, Чүй облустарында райондук прокуратурада, Транспорт прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү кызматтарында иштеген. Андан кийин прокуратурадан сот тармагына өткөн. 2007-2013-жылдары Чүйдүн Сокулук районунда судья, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болгон.
Зулушев коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда таанылган. Ошол жылы ал төрагалык кылган, үч судьядан турган коллегия Жогорку Кеңештеги ошол кездеги “Ата Журт” фракциясынын үч депутаты – Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду оор беренелер менен козголгон кылмыш ишинде актаган. Андан кийин кызматтан алынган.



