DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Нарында кайсы сабактан мугалимдер жетишсиз?

Нарын облусу боюнча чет тили, тарых, математика, химия, физика, информатика предметтеринен 13 мугалим жетишпейт. Эң көбү Жумгал районунда 9 мугалим жетишсиз. Ал эми Кочкор өрөөнүндө 2, Нарын шаарынын менен Ак-Талаа районунда бирден мугалим жетишпейт. Маалыматка караганда, облуста 143 мектепте жалпы 61 миң 144 окуучу билим алууда. Аларга 5 миң 617 мугалим билим берет. 1 миң …

Нарында кайсы сабактан мугалимдер жетишсиз? Толугу менен »

Нарында канча кара отун казылды?

Нарын облусу боюнча тогуз айда  1 миллион 328 миң  500 тонна көмүр казылды. Бул  көрсөткүч 2023-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 349,2 мин тоннага көп. Өнөр жай тармагында  ички рыноктун керектөөлөрүн көмүр менен  камсыз кылуу  максатында Жумгал районунун «Агулак» участкасында кыргыз-кытай биргелешкен  «Шанси Коал Инвестмент» ишканасы ачылып, компания тарабынан  өндүргөн көмүрдүн көлөмү  213 036  миң тоннаны түзүп, …

Нарында канча кара отун казылды? Толугу менен »

298 аялга зомбулук көрсөтүлгөн

Нарын облусу боюнча тогуз ай ичинде  337 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталып, аларга ордер берилген. Зордук зомбулук фактларынын эң көбү Кочкор, Ат-Башы районунда  жана Нарын шаарында катталган. Алсак,  Ат-Талаа районунда 30, Ат-Башы  районунда 69, Жумгал  районунда 48, Кочкор  районунда 104, Нарын  районунда 23 жана  Нарын шаарында 63.  Жалпы көрсөткүчтүн ичинен 298 зомбулук аялдарга,  28 и эркектерге,  …

298 аялга зомбулук көрсөтүлгөн Толугу менен »

32 ымыркай чарчап калган

Тогуз айда облус боюнча 2 миң 925 бала төрөлгөн. Бул өткөн жылга караганда 63 балага аз. Ошол эле учурда өлүү төрөлгөн балдардын саны дагы  алтыга кыскарган, облус боюнча 20  бала өлүү төрөлгөн. Ал эми ымыркай балдардын өлүмүнүн 32 учуру катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 20.3 пайызга  төмөн болду. Бир жашка чейин чарчаган балдардын өлгөн себептери: I-орунда …

32 ымыркай чарчап калган Толугу менен »

3 миңден ашык адам жумуш издеп каттоодо

Нарын облусунда  жумуш издеп каттоодо тургандардын саны  3046.  Бул көрсөткү өткөн жылга караганда 305 адамга аз. Райондор боюнча алсак, Ак-Талаа районунда  486,  Ат-Башы районунда 950,  Жумгал районунда 292, Кочкор районунда 850,  Нарын районунда 195, Нарын шаарында 273 адам жумушсуз. Ал эми булардын ичинен расмий жумушсуздук статусу барлардын саны  1820.

Нарында аялдар ашыкча салмак менен жабыркашат

Нарын районунун  Миң-Булак айылында мобилдик клиника  орнотулуп  төрт ай бою жергиликтүү калкка акысыз мульти-медициналык жардам көрсөтүштү.  Бул  ай ичинде  дарыгерлер 13 миң  783 бейтапты кабыл алышып, 46  миң 941 кеңеш беришти. Нарын жергеси бийик тоолу аймак болгондуктан артериалдык гипертония оорусу менен көп катталышты. Мындан сырткары Нарын жергесинде күнүмдүк рационго көбүнчө сүт, май, эт, камыр жана …

Нарында аялдар ашыкча салмак менен жабыркашат Толугу менен »

Бруцеллез оорусу көбөйдү

Нарын облусунда бруцеллез оорусу көбөйгөн. Бул тууралуу өкүлдүн орун басары Адыл Сапаров коллегияда билдирди. Анын маалыматында, малдын жугуштуу ооруларына карата эмдөө иштери жакшы жүрбөгөндүктөн тогуз айда аталган дарттын 208 учуру катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 47 учурга көп. Алсак, Ак-Талаа районунда 21, Ат-Башыда 22, Нарын шаарында 18 учурга көп катталган. Ошондой эле Ат-Башы районунда …

Бруцеллез оорусу көбөйдү Толугу менен »

Өлкө башчы иш сапары менен Эр-Риядга барды

Президент Садыр Жапаров  иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына барды. Президент Садыр Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернаторунун орун басары – Улуу даражалуу ханзаада Мухаммад бин Абдурахман бин Абдулазиз Аль Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды. Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын …

Өлкө башчы иш сапары менен Эр-Риядга барды Толугу менен »

Нарындык жаш тескөөчүлөргө ийгилик!

Россия федерациясынын түштүгүндөгү Анапа шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин арасындагы “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2024” кароо-сынагына өлкөбүздүн атынан Нарын облусундагы мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама команда катышып жатат.

Нарында үч маданий жай мамлекетке өткөрүлдү

“Дордой” ассоциациясынын президенти  Аскар Салымбеков менчигиндеги 3 маданий жайды Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берди. Алсак, Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жайгашкан “Кошой-Коргон” археологиялык жана этнографиялык музейи менен район борборундагы “Дордой” спорт комплекси жана Нарын шаарындагы “AS”  көркөм сүрөт галереясы министр Атунбек Максутовдун катышуусунда өткөрүлүп берилди. Маалымат катары айтсак, “Кошой-Коргон” археологиялык жана …

Нарында үч маданий жай мамлекетке өткөрүлдү Толугу менен »