DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Кочкор: Селдин кесепеттери жоюлууда

“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №14-Жол тейлөө мекемеси тарабынан  Нарын облусунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 0-15 чакырым  аралыгында жүргөн кыян-селдин кесепеттерин жоюу, жолду калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Жеринде 300 м3 кум шагыл тартылып, бир суу өткөрүүчү түтүк калыбына келтирилди. Ошондой эле, 4-чакырымында  жолдогу суулар агуучу арык (кювет) жана 13- чакырымында жол тасмасы калыбына келтирилди.  

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда

Жумгал районунун үч айылында сел коркунучтарын алдын алуу иштери жүрүүдө. Тагыраагы,  Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарындагы  сел жүрүү коркунучу бар аймактарда сел сууларын алдын алуу үчүн каналдарды казуу, бөгөт тосмолорун түптөө жана саздак жерлерге дренаждарды казуу иштери жүрүп жатат.   Райондук администрациядан билдиришкендей, бул жумуштар “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоор Чаек айыл …

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда Толугу менен »

Жумгал: Жашоону жакшыртуу үчүн 100 миң сом

Быйыл  Жумгал району боюнча “Социалдык контрак” долбооруна 260 үй-бүлөгө квота берилип, мунун  ичинен 150 үй-бүлөнүн бизнес-долбоорлору жактырылды.  Булардын ичинен 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдун сертификаттарын тапшырды. Белгилүү болгондой, 50 үй-бүлөнүн 42си  мал чарбачылыгы, 2өө тигүүчүлүк, 5өө соода кылууга жана 1 үй-бүлө  чач тарач багытында ишкердүүлүк жүргүзүүнү максат кылышкан. Маалымат үчүн белгилесек, аталган долбоор 2022-жылдан тартып …

Жумгал: Жашоону жакшыртуу үчүн 100 миң сом Толугу менен »

ЖРТнын жыйынтыгы кандай?

Нарын облусу боюнча 2023-2024- окуу жылында 11-классты 3844 окуучу аяктап, анын ичинен 3248 бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышты. Булардын ичинен 40 окуучу 200 баллдан жогору алса, 2269 бүтүрүүчү 110 баллдан жогору упай топтой алышкан.  Ал эми 979 бүтүрүүчү босого 110 баллдан өтө алышкан эмес.   Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун башкы адиси Сейтек …

ЖРТнын жыйынтыгы кандай? Толугу менен »

Ак-Талаа: ЖРТнын жыйынтыгы менен мектепке унаа берилди

Ак-Талаа районунда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебине  ЖКтин депутаты Мурадил Сыдыковдун демөөрчүлүгү менен “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү авто унаа тапшырылды. Тактап айтканда, аталган мектептин бүтүрүүчүсү Рысбек кызы Айым тестирлөөдө  район боюнча эң жогорку 216 упай алган. Ал эми бүтүрүүчүгө ноутбук, мугалимдерине акчалай сыйлык  берилди.   Сыйлыкка авто унаа быйыл …

Ак-Талаа: ЖРТнын жыйынтыгы менен мектепке унаа берилди Толугу менен »

НАРЫН: ОКУУЧУЛАР СЕНТЯБРДА ОКУУГА ЖӨӨ БАРЫШПАЙТ

Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң айылынын кулуну, жеке ишкер Рысбек Шокенов балдардын мектепке коопсуз барып келүүсү үчүн  810  миң сомго  кичи автобус алып берди.   Бул айылда жашаган жогорку класстын 33 окуучусу коңшулаш  Ийри-Суу айылындагы М.Байдөөлөтов атындагы мектепке жөө барып-келип окушат. Айыл аралыгы  3 чакырым алыс болгондуктан, мектеп окуучуларына кышкысын жана жаз-күз мезгилиндеги жаан-чачында кооптуу …

НАРЫН: ОКУУЧУЛАР СЕНТЯБРДА ОКУУГА ЖӨӨ БАРЫШПАЙТ Толугу менен »

Ат-Башы: Көпүрөнү кеңейтүү жумуштары жаңы жылга чейин бүтөт

Ат-Башы-Ача-Кайынды унаа жолунун Ат-Башы суусундагы көпүрөнү кеңейтүү жумуштарынын 70 пайызы аяктады. Райондук бийлик тарабынан курулуш иштерин тездетип, жаңы жылга жолду ачууга тынымсыз аракеттер көрүлүп жатат. Райондук администрациянын маалымат кызматынан билдиришкендей, көпүрө  бетон куюу менен жасалып, заманбап талаптарга ылайыкташытырылган ыкма менен салынууда. Көпүрөнү кеңейтүү иштер иушул жылдын 20-октябрында башталгандыктан, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Терек-Суу айылдарында 1977-1991-жылга чейин төрөлгөн …

Ат-Башы: Көпүрөнү кеңейтүү жумуштары жаңы жылга чейин бүтөт Толугу менен »

Ат-Башы: Өрттөн жабыркаган ҮДТ нын имараты оңдолууда

Казыбек айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун имараты  АРИСтин “Айылды инвестициялоо-3” кошумча каржылоо долбоорунун алкагында  капиталдык ремонттон өтүүдө. Буга чейин айылдык депутаттардын, айыл өкмөтүнүн, активисттердин жана коомчулуктун колдоосу менен марафон уюштурулуп, 200 миңден ашык каражат топтолгон. Бул каражатка тиешелүү документтери даярдалып, имарат айыл өкмөтүнүн балансына алынган. АРИС 3 миллион 205 миң 733 сомго колдогон бул долбоор аркылуу  …

Ат-Башы: Өрттөн жабыркаган ҮДТ нын имараты оңдолууда Толугу менен »

Студенттер жана окуучулар тарых музейинде болушту

5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алган күнүнө карата окуучулар жана студенттер К.Мамбеталиева  атындагы тарыхый-этнографиялык музейинде болушту. Тагыраагы Матен Сыдыков атындагы №7 мектептин 9-классынын окуучуларына жана Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине доклад окулуп жана экскурсия жүргүзүлдү. Ошондой эле НМУ нун студенттери атайын даярдап келген слайдтарына презентация жасашты.

Калаадагы эки парк оңдолуп, шарттар жакшыртылат

Нарын шаарынын мэри калаанын борборунда орун алган  “Тянь-Шань”  жана “Роза Өмүрзакова”  атындагы парктары реконструкциялана турганын  билдирди. Анын айтуусунда,  парктар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалып, шаардын борбордук бөлүгүндөгү жашоочулардын эс алуусуна шарт түзүлөт. Бул парктар 1970-жылдары салынганы менен андан бери  бир да жолу  ондоп-түзөөдөн өткөн эмес. Каралбагандыктан эскилиги жетип ичиндеги  арыктар, тротуарлар талкаланган, бактар куурап калагандыктан, шаар …

Калаадагы эки парк оңдолуп, шарттар жакшыртылат Толугу менен »