DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Айсулуу жарым финалда күрөшөт

Париждеги Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова жарым финалга жолдомо алды. 62 кг чейинки салмак категориясында Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда АКШнын балбаны Кайл Миракл менен кез келип, жеңишке татыды. Буга дейре Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда нигериялык спортчу Эстер Колаволе менен күрөшүп, аны 4:1эсебинде уткан. Эми Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен күрөшөт. Жарым финалдык беттештер Бишкек …

Айсулуу жарым финалда күрөшөт Толугу менен »

С.Орозбаков көчөсү асфальттала баштады

Бүгүн, 9-августта Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы жолуна асфальт төшөлө баштады. Жол чарба департаментинин Нарын облустук бөлүмүнөн билдиришкендей, жалпы 1 чакырым  280 метр  жол жасалат.  Асфальттоо жумуштарын эки-үч күндүн ичинде бүтүрүү мерчемделүүдө. Ал эми Ленин атындагы борбордук жолду кеңейтүү жумуштары 12-августта башталат. Бул жолдун 9.5 чакырым аралыгы 15 метрге чейин кеңейтилип, жол боюндагы троллейбустун линиялары жылдырылат …

С.Орозбаков көчөсү асфальттала баштады Толугу менен »

Таза азык-таза ден соолук!

Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын башчысы Ишенбек Алманбетовдун маалыматына караганда, бруцеллез оорусу көп аныкталууда. Алсак быйылкы жылдын алты айында 29 мин 143 изилдөө жүргүзүлсө, 33 баш уйдан бруцеллез табылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда  4 учурга көп. Дарт аныкталган мал эрежелерге ылайык союлуп жок кылынган. Аталган лаборатория жаныбарлардын бактериологиялык, серологиялык, паразитологиялык ооруларын аныктоо боюнча өз убагында  …

Таза азык-таза ден соолук! Толугу менен »

Ат-Башы: “Ат-Башы эт” ишканасы суткасына 10 миң банкадан ашык продукция өндүрүүдө

Ат-Башы районундагы “Ат-Башы эт” комбинаты жыл башынан бери 40 тонна продукцияга буюртма алса анын жарымын өндүрүп бүттү. Цехте учурда суткасына үй, топоз этинен  беш миң банка тушонка, гречкадан, арпадан жана күрүчтөн 6 миң банка ботко даярдалат.  Бул азыктар Коргоо жана Ички иштер министирлигине, Чек ара кызматтарынын буюртмасы менен өндүрүлүүдө. Алдыда чучбара, тифтели, жана фрикадельки өндүрүүнү …

Ат-Башы: “Ат-Башы эт” ишканасы суткасына 10 миң банкадан ашык продукция өндүрүүдө Толугу менен »

Айрым айыл өкмөттөрдүн иши сынга кабылды

Облустук коллегияда айрым айыл өкмөт башчыларынын иши сынга кабылды. Алар жарандардан келген арыз даттанууларга өз убагында жооп бербегендер жана кайрылууларды кароо тартибинин талаптарын өз убагында аткарбагандар. Жыйын жүрүшүндө облус башчысы Алтынбек Эргешов алардын  ар биринен анын себептерин сурап, мындан ары мамиле катуу болоорун эскертти. Ошондой эле ал айыл өкмөттөрдүн иштөөсүнө тиешелүү шарттар түзүлүп, колдоо иретинде …

Айрым айыл өкмөттөрдүн иши сынга кабылды Толугу менен »

Нарында 18 мугалим жетишпейт

Учурда 23 орто мектепте директорлор жок. Бул бош орундарга сынактар өтүүдө. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине мектеп директорлору үчүн  регионалдык кадрлар резервин түзүп берүү сунушталды. Бул тууралуу облустук коллегияда айтылды. ЖРТнын жыйынтыгы менен билим сапаты 68,4 пайызды түзүп, өткөн жылга караганда 15,3 пайызга өсүш берген. “Алтын сертификатка”4,  “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына 6 бүтүрүүчү …

Нарында 18 мугалим жетишпейт Толугу менен »

Ак-Талаада сел жүрдү

Маалымат түшөөрү менен Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ сел каптаган тилкеге тартылган. Алар барганда 2 турак үйдүн короо жайына жааган жаандын кесепетинен агын суулар киргендиги аныкталган, куткаруучулар тазалоо иштерин жүргүзүп, бөлүккө 19:40 да кайтып келишкен. Бул тууралуу ӨКМдин Нарын облусундагы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, тазалоо иштеринен соң Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү …

Ак-Талаада сел жүрдү Толугу менен »

Ак-Талаа: 275 орундуу мектеп курулууда

Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы 275 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалым болгондой, билим берүү уясынун курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2015-жылы башталган. Мектептин эски имараты 1958-жылы ашар жолу менен салынып, ал эми 1982-жылы экинчи корпусу салынган. Бул жылдар аралыгында имарат капиталдык …

Ак-Талаа: 275 орундуу мектеп курулууда Толугу менен »

Нарын дарыясынын жээгинде 80 түтүн эл жашайт

ӨКМдин Нарын шаары жана Нарын району боюнча бөлүмүнүн башчысы Адис Кыдыкбаевдин айтымында,  Нарын дарыясынын 22 чакырымы Нарын шаарын жээктеп өтөт. Дарыянын жээгиндеги жээк эрозиясы катталган  10 аймакта  80ге жакын түтүн эл жашайт. Бүгүнкү күндө Нарын дарыясында коркунуч жок, себеби деңгээли орто. Ошондой эле калаада  сел жүрүү коркунучу жогору  82 кокту жана шаарды аралап өткөн Чоң …

Нарын дарыясынын жээгинде 80 түтүн эл жашайт Толугу менен »

Нарындагы кооптуу аймактар көзөмөлдө

Нарын облусу боюнча табигый кооптуу кырсыктар катталып турган 597 участок бар. Булардын  ичинен сел жана кыян суулары каптап кетүү кооптуулугу жогору аймактардын саны 370. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынан алынган маалыматка таянсак, бул жерлерде жыл сайын  атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, арык, каналдарды тазалоо, сел өтмөктөрүн куруу, жеринде  коопсуздандыруу боюнча  иштер аткарылып турат.  …

Нарындагы кооптуу аймактар көзөмөлдө Толугу менен »