DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

141 миллион сомго курулган мектеп ачылды

Нарын шаарындагы Абдыкадыр Садыков атындагы №9 орто мектептин курулушу аяктап, окучуларга эшигин ачты. Эки кабаттан турган 375 орундуу жаңы билим уянын кызыл тасмасы бүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда кесилди. Билим уянын курулушуна республикалык бюджеттен 141 миллион 752 миң  сом бөлүнүп, курулуш 2022-жылы башталган. Долбоор алкагында имарат типтүү  бардык ыңгайлуу шарттары менен заман талабына …

141 миллион сомго курулган мектеп ачылды Толугу менен »

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан атанын жансыз денеси табылды

Жумгал районундагы Өрнөк айылында 16-октябрда  мал кайтарууга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-баланын атасынын жансыз денеси табылды. Бүгүн, 14-ноябрда 1979-жылы туулган жарандын жансыз денесин  Көкөмерен суусунун боюнан ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлери табышты. Аталган кызматтын кызматкерлери 11-ноябрында кызматтык-издөө иттери менен издөө иштерине тартылган. Анын уулун  табуу үчүн издөө иштери уланат.

Медициналык мекемелер 130 дарыгерге муктаж

Нарын облусунда жашаган калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө  болгону 42 үй- бүлөлүк дарыгер иш алып барат. Алардын токсон пайызы пенсия курагындагылар . Бүгүнкү күндө, хирург, аллерголог, иммунолог, педиатр сыяктуу 130 дарыгер жетишпейт. Жыл башынан бери Нарын облустук медициналык мекемелерден 23 врач жумуштан бошоп кетсе, 21 врач келген.Ошондой эле 15 врач депозит программасы менен  иштешүүдө

Нарын-Орук-Там жолу жабылды

Нарын-Орук-Там унаа жолу 2025-жылдын апрелине чейин жабылды. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубан Токобаев билдирип, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыкканын кошумчалады. Мындай чечим алдыдагы кыш мезгилинде аба-ырайынын жана жол шартынын катаалдыгынан тейлөөгө мүмкүн болбогондугуна, кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын  болушуна жол …

Нарын-Орук-Там жолу жабылды Толугу менен »

Ат-Башы: Согуштун арадегри Тапа Керимкулов дүйнө салды

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын, Нарын облусунун жана Ат-Башы районунун “Ардактуу атуулу” Тапа Керимкулов 98 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Т.Керимкулов 1926-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 1941-жылы 17 жаш курагында, 9-классты окуп жаткан учурда Улуу Ата Мекендик согушка кетип, Ата Мекенине 23 жашында кайтып …

Ат-Башы: Согуштун арадегри Тапа Керимкулов дүйнө салды Толугу менен »

Нарында жаңы аллея салынууда. Ага кандай ат берилет?

Нарын шаарынын Жаңы -Жол аймагында, Нарын дарыясынын жээгине сейил бак салынып жатат. Шаар мэри калаанын кире беришин көрктөндүрүү жана кароосуз турган жер аянттарын жалпы пайдалануудагы сейил багы катары уюштуруп, өнүктүрүүнү демилгелеп, учурда сквердин айланасы тосулуп, жарыктандырылды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 315 миң сом каражат жумшалды. Жалпы аянты  2 миң 100 чарчы метрди түзгөн бул скверди …

Нарында жаңы аллея салынууда. Ага кандай ат берилет? Толугу менен »

Согуштан кайтпай калган жоокерлердин туугандары изделет

Улуу Ата Мекендик согушта 300 миңден ашуун кыргызстандыктар фронтко аттанган. Ар бир экинчиси кайтып келбей, көбү дайынсыз жоголгон. Миңдеген кыргыз жоокерлери туткунга алынып, немис лагерлерине жөнөтүлгөн. Согуш маалында жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында иштелип чыккан “Атын кайтаруу” эл аралык долбоору чыкканга чейин алар тууралуу эч нерсе белгилүү болгон эмес. “Атын кайтаруу” -бул саясатсыз, гуманитардык, …

Согуштан кайтпай калган жоокерлердин туугандары изделет Толугу менен »

Мөмө-жемиш кластери уюштурулат

Дүйнөлүк Банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун үчүнчү фазасы менен Нарын облусунда мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү колго алынып, питомниктер курулат. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Агробизнестин  атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу борборунун башчысы Төрөкул Бековдун айтуусунда, долбоор облустун беш районун камтып, ар бир райондо экиден, жалпы 10 питомник курулат. Бул үчүн грант катары  ар бир питомникке  5 миң …

Мөмө-жемиш кластери уюштурулат Толугу менен »

Жумгал: Ата-баланы издөө токтотулду

Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө ишинен натыйжа болбогондугуна байланыштуу активдүү фазадагы издөө токтотулду. Бүгүн, 13-ноябрда ӨКМ өкүлдөрү дайынсыз жарандардын ата-энеси менен жолугушуп, издөөнүн активдүү фазасы аяктаганын, бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турарын билдиришти. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү менен бир айга жакын издөө иштери …

Жумгал: Ата-баланы издөө токтотулду Толугу менен »

Соң-Көлдө балык чабактарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери башталды

Соң-Көл көлүндө сиг-лудога балыгынын чабактарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда сиг-лудога балыгынын чабактарын өндүрүүчү энелик балыктарды кармоо Балык департаменти тарабынан КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашуунун алкагында жүргүзүлүүдө. “Бүгүнкү күнгө карата 2,5 млн даана уруктанган икра …

Соң-Көлдө балык чабактарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери башталды Толугу менен »