Медицина тармагы оор жоготууга учурады
Теңир-Тоого белгилүү дарыгер Кубанычбек Борсокеев 58 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал аскердик кызматын өтөп келгенден кийин 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун даярдоо бөлүмүндө окуусун улантып, окуу жайды 1995-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Кубанычбек Борсокеев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүндө дарыгерлик ишин баштаган. 1997-жылдан баштап ушул күнгө чейин аталган бөлүмдүн бөлүм башчысы болуп эмгектенип …