DOLON MEDIA

Коом

“Кызыл китептин экинчи басылышы даярдалууда”

Жакында сайтыбызга атайын корголуучу айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн тизмесин тактоочу Кызыл китеп боюнча макала жарылаганбыз. Анда тиешелүү министрликке жөнөткөн сурообузга жооп кечиккен эле. Бул жолу биз Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын жетектөөчү адиси Эльчибек Торогельдиев менен баарлаштык. Анын айтымында,  Кыргызстандын Кызыл китебинин экинчи басылышы Министрликтин иш-аракети менен вендомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп,  Кызыл …

“Кызыл китептин экинчи басылышы даярдалууда” Толугу менен »

Энергетиктер үчүн жаңы имарат салынат

Нарын шаардык электр тармактар ишканасына заманбап бардык шарты менен үч кабаттуу имараттын курулушу башталды. Имарат  “Кыргызстан улуттук электр тарамактар” ишканасынын  өздүк каражатынын эсебинен салынып, 55 миллион 200 миң сом жумшалат. Буга чейин энергетиктер иштеп келген имарат эскилиги жетип, талаптарга жооп бербей калган. Эми жаңы имаратты беш айдын ичинде толук бүткөрүп  колдонууга берүү мерчемделип жатат. Ал …

Энергетиктер үчүн жаңы имарат салынат Толугу менен »

Нарын шаарына 20 миллион сомго панорама курулат

Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндөгү тоо кыркасына панорамалык эс алуу жайы курулат. Учурда панорамалык кароо жайынын долбоору толук даярдалып бүткөнүн Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Панорамалык эс алуу жайын куруу долбоору жалпы 20 миллион сомго  бааланып, демөөрчүлөрдүн эсебинен салуу каралууда. Ал эми панорамага чыга турган тепкичтерин куруу иштери Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында каржылоо пландалууда. Панорамалык …

Нарын шаарына 20 миллион сомго панорама курулат Толугу менен »

Ак-Талаа: Китепканадан чыккан өрт, айыл башчынын имаратын жалмады

Байгөнчөк айылындагы китепканадан чыккан өрттөн улам, айыл башчынын имараты толук күйүп кетти.  Бул тууралуу Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, өрт чыккан жерге  Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүлөрү барган учурда айыл башчынын имараты толугу менен күйүп, чатыры ичти көздөй кулап калган. Ичиндеги эмеректер дээрлик бардыгы күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн  жардамында өрт  …

Ак-Талаа: Китепканадан чыккан өрт, айыл башчынын имаратын жалмады Толугу менен »

НМУдан 300дөн ашык студент чыгарылды

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен  300дөн ашуун студент окуудан чыгарылып, 13 кызматкер жазага тартылды. Ошондой эле окуу жайдын айрым жетекчилерин кызматтан алуу сунушталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан билим берүү системасындагы коррупцияны жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки иш-чаралардын натыйжасында  аталган окуу жайдан 300дөн ашуун чет өлкөлүк студенттер чыгарылып, 13 кызматкери дисциплинардык …

НМУдан 300дөн ашык студент чыгарылды Толугу менен »

Ат-Башы: Шамалдан 28 турак жайдын чатыры кыйрады

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл өткөрүү жайында жана Ат-Башы районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 27-мартында катталган катуу шамалдан 28 турак жай жана чарбалык курулуштардын чатыры талкаланды. Андан жалпы  886 миң 940 сомдук материалдык зыян  келди. Алсак, турак жай жана чарбалык курулуштардын чыгымы 405 миң 744 сом болсо, “Торугарт”  чек ара көзөмөл-өткөрмө пункту 481 миң 200 сомдук  …

Ат-Башы: Шамалдан 28 турак жайдын чатыры кыйрады Толугу менен »

Жумгал: Соң-Көл көлүнө 5 миллион чабак салынды

Соң-Көлгө 5 миллион 2 миң сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди. Чабактар “Кыргыз балыгы” мамлекеттик ишканасынын филиалы болгон “Соң-Көл” балык чарбасынын инкубациялык цехинде өстүрүлгөн. Буга чейин икралар  Ысык-Көл облусунда өстүрүлүп келсе, аталган балык чарбага инкубациялык цех курулуп, жабдуулар мамлекеттик жана жеке менчик өндүрүштүк долбоорлор аркылуу алынган. Бул жерде жылына 20 миллион  балык уругун багып-өстүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. …

Жумгал: Соң-Көл көлүнө 5 миллион чабак салынды Толугу менен »

Нарында күчү 4.5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 31-мартта, саат 13:25 чамасында Нарын облусунда жер титиреди. КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Театр – элдин руханий байлыгы

Ж.Коңурбаева атындагы Нарын шаардык китепканасы, 27-март Эл аралык театр күнүнө  карата “Театр – элдин  руханий байлыгы” деп аталган ачык эшиктер күнүн өткөрүштү. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык дарама театырынын өнөрпоздору чакырылган иш-чара “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү  жана дене тарбиясы” жөнүндөгү,”Улуттук нарк”,”Улуттук дем-уңгу жол” Жарлыктарынын алкагында уюштурулуп,  ыр-күүлөр менен коштолду. Маданий иш-чара көңүлдү эргиткен ыр-күүлөрү, сахнадагы актёрдук …

Театр – элдин руханий байлыгы Толугу менен »

Ат-Башы: Өзгөчө кырдаал жарыяланды

Катуу шамалга байланыштуу Ат-Башы районунда Өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнес Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, аталган райондо шамалдын күчү 23 метр секундан ашып, Терек-Суу айылынан эки, Калинин айылында бир үйдүн, Торугарттагы  Котур-Таш чек ара заставасынын чатырын алып, бир оор жүк ташуучу унааны, эки чиркегичин оордарып кеткен. “Шамалдын күчү  …

Ат-Башы: Өзгөчө кырдаал жарыяланды Толугу менен »