DOLON MEDIA

Коом

НМУдан 300дөн ашык студент чыгарылды

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен  300дөн ашуун студент окуудан чыгарылып, 13 кызматкер жазага тартылды. Ошондой эле окуу жайдын айрым жетекчилерин кызматтан алуу сунушталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан билим берүү системасындагы коррупцияны жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки иш-чаралардын натыйжасында  аталган окуу жайдан 300дөн ашуун чет өлкөлүк студенттер чыгарылып, 13 кызматкери дисциплинардык …

НМУдан 300дөн ашык студент чыгарылды Толугу менен »

Ат-Башы: Шамалдан 28 турак жайдын чатыры кыйрады

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл өткөрүү жайында жана Ат-Башы районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 27-мартында катталган катуу шамалдан 28 турак жай жана чарбалык курулуштардын чатыры талкаланды. Андан жалпы  886 миң 940 сомдук материалдык зыян  келди. Алсак, турак жай жана чарбалык курулуштардын чыгымы 405 миң 744 сом болсо, “Торугарт”  чек ара көзөмөл-өткөрмө пункту 481 миң 200 сомдук  …

Ат-Башы: Шамалдан 28 турак жайдын чатыры кыйрады Толугу менен »

Жумгал: Соң-Көл көлүнө 5 миллион чабак салынды

Соң-Көлгө 5 миллион 2 миң сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди. Чабактар “Кыргыз балыгы” мамлекеттик ишканасынын филиалы болгон “Соң-Көл” балык чарбасынын инкубациялык цехинде өстүрүлгөн. Буга чейин икралар  Ысык-Көл облусунда өстүрүлүп келсе, аталган балык чарбага инкубациялык цех курулуп, жабдуулар мамлекеттик жана жеке менчик өндүрүштүк долбоорлор аркылуу алынган. Бул жерде жылына 20 миллион  балык уругун багып-өстүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. …

Жумгал: Соң-Көл көлүнө 5 миллион чабак салынды Толугу менен »

Нарында күчү 4.5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 31-мартта, саат 13:25 чамасында Нарын облусунда жер титиреди. КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Театр – элдин руханий байлыгы

Ж.Коңурбаева атындагы Нарын шаардык китепканасы, 27-март Эл аралык театр күнүнө  карата “Театр – элдин  руханий байлыгы” деп аталган ачык эшиктер күнүн өткөрүштү. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык дарама театырынын өнөрпоздору чакырылган иш-чара “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү  жана дене тарбиясы” жөнүндөгү,”Улуттук нарк”,”Улуттук дем-уңгу жол” Жарлыктарынын алкагында уюштурулуп,  ыр-күүлөр менен коштолду. Маданий иш-чара көңүлдү эргиткен ыр-күүлөрү, сахнадагы актёрдук …

Театр – элдин руханий байлыгы Толугу менен »

Ат-Башы: Өзгөчө кырдаал жарыяланды

Катуу шамалга байланыштуу Ат-Башы районунда Өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнес Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, аталган райондо шамалдын күчү 23 метр секундан ашып, Терек-Суу айылынан эки, Калинин айылында бир үйдүн, Торугарттагы  Котур-Таш чек ара заставасынын чатырын алып, бир оор жүк ташуучу унааны, эки чиркегичин оордарып кеткен. “Шамалдын күчү  …

Ат-Башы: Өзгөчө кырдаал жарыяланды Толугу менен »

Быйыл Нарын шаарына 10 миң көчөт тигилет

Нарын шаарында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жумуштары башталды. Бүгүн, 26-мартта 400дөн ашык ак кайыңдын көчөттөрү  “Жээк” аллеясына отургузулду. 2 миң ар кандай бак-дарактын көчөттөрү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы токой чарбадан МSDSPKG коомдук уюмунун “Жашылдандыруу жана токойлорду кеңейтүү” долбоорунун  алкагында алынып келинген. Долбоордун максаты -климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экологиялык проблеммаларды  чечүү жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу. Бул долбоор …

Быйыл Нарын шаарына 10 миң көчөт тигилет Толугу менен »

“Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандартта реконструкцияланат

Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандарттар менен  заман талабына ылайык рекнострукцияланат. Буга чейин стадиондун чек аралары такталып, С.Орозбаков көчөсү тарабындагы муниципалдык жерлер ижарадан кайтарылып алынып, ээлери тарабынан  бузулуп, учурда стадионду куруу иштерине даярдык көрүлүүдө. “Кыргыз футбол биримдиги тарабынан республика боюнча стадиондорго көңүл бурулуп,  кайра куруу иштери башталды. Алардын катарында биздин “Алат-Тоо” стадиону дагы бар. …

“Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандартта реконструкцияланат Толугу менен »

“Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды

Нарын шаарынын 64 аймагына  Нарын дарыясынын түштүк  жээгин бойлой салына турган “Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды. Долбоордун эскиздик чиймеси Нарын курулуш мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалды. Бул долбоор өткөн жылы салынган  “Жээк” аллеясынын уландысы. Долбоор республиалык бюджеттин эсебинен Нарын шаарын өнүктүрүү максатында бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулат. Учурда “”Жээк” аллеясы курула турган жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, ордун …

“Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды Толугу менен »

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет

Кыргызстанда ушул жылдын 1-майынан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет. Электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү бардык керектөөчүлөргө таасирин тийгизет. Тарифтердин көтөрүлүшүнүн себептери Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифтердин жогорулашына бир нече факторлор, анын ичинде инфляция, энергетикалык ресурстарга жана жабдууларга болгон баанын өсүшү себеп болгонун билдирген. Учурда өлкөдө тарифтер Борбор Азиядагы эң төмөнкү тарифтердин …

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет Толугу менен »