DOLON MEDIA

Коом

Нарын облусунда дагы бир мектептин имараты ачылды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Ак-Кыя айылындагы Үсөн Бейшеев атындагы орто мектебинин 150 орундуу имараты бүгүн 19-октябрда ишке берилди. Аталган мектептин имараты 2015-жылы баштадып, дээрлик 8 жылдан бери токтоп турган. Президенттин курулуп бүтпөй жаткан социалдык объектилерди бүткөрүү демилгесинин артында ишке ашты. Эске сала кетсек аталган мектептин имараты 2006-жылдагы жер титирөөдө авариялык абалга келген.

ЖКтин төрагасы эки күндөн бери Нарында

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар 16-октябрдан бери Нарын облусунун аймагында шайлоочулар менен жолугушуп, көйгөйлөрдү жеринде көрүп жүрүшөт. Кече алар Кочкор, Нарын, Жумгал райондорунда болушса, бүгүн 17-октябрда Нарын шаарында болушту. Нарын шаарындагы авариялык мектептердин бири №10 Жапар Чолпонбаев атындагы мектептин имаратын көрүштү. Мектеп мурдакы дүкөндүн имаратында жайгашкан, балдардын сыйымдуулугу 350 балага ылайыкталса, учурда 1096 окуучу билим …

ЖКтин төрагасы эки күндөн бери Нарында Толугу менен »

Жумгалда мектептин имараты курулуп, бала бакчанын пайдубалы түптөлдү

16-октябрда Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында Калык Акиев атындагы орто мектептин 225 орундуу жаны имараты бүткөрүлүп, окуучуларды кабыл ала баштады. Курулуш иштери республикалык бюджеттен 57 млн сомго каржыланды, Буга чейин окуучулар авариялык абалдагы эски мектепте окуп келишкен. Мектептин ачылыш аземине КР ЖКнин төрагасы Нурланбек Шакиев, Президенттин Нарындагы өкүлү Алтынбек Калдаров жана башка адамдар катышты. Андан сон …

Жумгалда мектептин имараты курулуп, бала бакчанын пайдубалы түптөлдү Толугу менен »

Кыргызстан менен Тажикстан: чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуу өттү

16-октябрда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган өкмөттүк делегациялар Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту.Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.Жолугушууда эки тараптын делегация башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы калган тилкелер боюнча келишимди тараптар так аткарып жатканына канааттануусун билдиришти. Ошондой эле топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго чек арага байланыштуу …

Кыргызстан менен Тажикстан: чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуу өттү Толугу менен »

Нарын: Өрнөк айылында Кыргызстандын Туусу көтөрүлдү

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында КР Туусу  салтанаттуу көтөрүлдү. Салтанатка облус башчынын орун басары Адыл Сапаров, район акими Нуридин Мадимаров, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, айыл өкмөт башчылары жана жеке ишкерлер катышты. Бийиктиги 30 метрди түзгөн флагшток Миң-Булак, Өрнөк жана Куйбышев айылдарынын жашоочуларынын демилгеси менен орнотулуп, жалпы 500 миң сом сарпталган.  Айланасына …

Нарын: Өрнөк айылында Кыргызстандын Туусу көтөрүлдү Толугу менен »

Нарын: Элетте Коомдук алдын алуу борбору ишке берилди

Миң-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылында Коомдук алдын алуу борбору (КААБ) ачылды. КААБдын  курулушу  “Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук  фондунун жана  Эл аралык  Saferworld (Сейферуорлд) уюму биргелешип ишке ашырып жаткан  “Милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калктын ортосундагы  социалдык кызматташтыкты күчөтүү” долбоорунун алкагында  АКШ элчилигинин колдоосунда ишке ашырылган.  Анын курулушуна айыл өкмөттүн өнүктүрүү фондунан …

Нарын: Элетте Коомдук алдын алуу борбору ишке берилди Толугу менен »

Нарын: Куйбышевде мык чыгарыла баштады

Миң-Булак айыл аймагындагы Куйбышев айылында мык чыгаруучу цех ишке берилди. Учурда цехкке үч станок коюлуп  60,100, 120 өлчөмүндөгү үч түрлүү  мык өндүрүлө баштады. Цехтин башчысы, жеке ишкер  Самат Артыкбековдун айтымында, үч станок иштегенде күнүнө 1500 тоннага чейин мык чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Бул долбоор  “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондусунан 3 миллиион сомго каржыланып, керектүү станоктор алынган. Ал …

Нарын: Куйбышевде мык чыгарыла баштады Толугу менен »

Ат чабыштын алдынкыларын Президент сыйлады

2-октябрда Кочкор районунда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө чон салым кошкон Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгын респубоикалык денгээлде белгиленди. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышты. Мааракеде кунан чабыш, жорго салуу жана аламан ат чабыш болду. Аламан байгеде биринчи болуп Каракыз аттуу күлүк келди, аттын ээси Н. Керимбеков, чабандес Дөөлөт Тополонбаев байгеге Бишкек шаарынан эки бөмөлүү …

Ат чабыштын алдынкыларын Президент сыйлады Толугу менен »

Кыргыз-тажик делегация башчылары чек ара боюнча протоколго кол коюшту

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 2-октябрда Баткенде өткөн кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу тууралуу маалымат берди. Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган. Алар кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап жазууну активдештирүү …

Кыргыз-тажик делегация башчылары чек ара боюнча протоколго кол коюшту Толугу менен »

Кочкор районунун айыл өкмөттөрү автоунаалуу болушту

Президент Садыр Жапаров Кочкор районундагы 27 айыл өкмөт башчыларына кызматтык  Нива унаасынын ачкычтарын тапшырды. Бул иш чара кыргыз мамлекетүүлүгүн түптөөгө зор салым кошкон Ормон Хан Ниязбек уулунун 220 жылдыгын белгилөө учурунда болду. Президент Ормон Хандын эстелигин ачкан сон  М. Садыков атындагы стадиондо мааракенин катышуучуларына куттуктоо сөз сүйлөө учурунда автоунаалардын ачкычын облус жетекчиси Алтынбек Эргешевге тапшырды.