DOLON MEDIA

Коом

Кышкы каникул: Муз аянттагы эс алуу сүрөттөрдө

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык Кыргызстанда 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күн. Ал эми мектеп окуучуларынын кышкы каникулу эки жумага созулат. Эс алуу күндөрүндөгү жабык муз аянтынан сүрөт баян.

Жолдордо унаа кыймылына чектөө жок

Бүгүн, 2-январга карата Нарын облусунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы бардык ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу  маалымат Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Нурбек Кубанычбек уулунан алынды. Маалыматка таянсак, облус аймагында 1 см кыламык кар жаады. Долон, Кызыл-Бел, Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында жана унаа жолдордо каттам бар. Жол …

Жолдордо унаа кыймылына чектөө жок Толугу менен »

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок

  Бүгүнкү күндө Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасындагы кайрылуусунда билдирди. “Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү баштаганыбызда көпчүлүк ишенишкен эмес. Эми мен Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок экенин жоопкерчилик менен билдирем. Мындан ары жеке ишкерлер коркпостон өздөрүнүн жумушун жасай беришсин. Ал эми мамлекет мыйзамдын чегинде …

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок Толугу менен »

Нарында жаңы жыл түнү төрт ымыркай төрөлдү

Жаңы жылдын түнү Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө төрт наристе жарык дүйнөгө келди. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн акушери Нарынкүл Дарбышкееванын айтуусунда,  ден соолук сакчылары алардын бирин операция жолу менен төрөтүшкөн. “31-декабрдан 1-январга караган түнү төрт төрөттү кабыл алдык. Үчөөнү энелер өздөрү төрөдү, бирөөнү операция жолу менен төрөтүп алдык. Төрөлгөн наристелердин үчөө уул, бирөө кыз …

Нарында жаңы жыл түнү төрт ымыркай төрөлдү Толугу менен »

Нарында 31-декабрь түнү 32 ар кандай тартип бузуу катталды

Нарын облусунун аймагында жаңы жылдык майрам тынч өттү. Бул үчүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, райондук шаардык бөлүмдөрдүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызматта болушту. Коомдук коопсуздукту сактоого облус боюнча 500гө жакын милиция кызматкерлери тартылып, аларга элдик кошуундар жардамдашты. Нарын ОИИБнын маалыматына караганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери  майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан жайларда жана эл көп чогулган …

Нарында 31-декабрь түнү 32 ар кандай тартип бузуу катталды Толугу менен »

Коомдук транспорттогу Жаңы жылдык маанай. сүрөт баян

Нарын шаардык мэриясы коомдук транспортто Жаңы жылдык салтанат уюштуруп, жүргүнчүлөрдү акысыз ташыды. Жасалгаланган автобуста Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн артисттери Аяз ата, түлкү, мышык, иттин кебин кийген өнөрпоздор жүргүнчүлөргө Жаңы жылдык маанай тартуулашты.

Ат-Башы: Таштандыдан брусчатка өндүрүлө баштады

Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана ишке кирди. Анда полиэтилен баштыгы жана желим бөтөлкөлөр эритилип, кум аралашмасы менен  брусчатка чыгарылат. Бүгүн, 30-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ишкананы ачуу салтанатына онлайн катышып, кызыл тасмасы кесилди. Долбоордун жалпы наркы 5 миллион 600 миң сом. Бул каражаттын 1,5 миллион сому айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен,  …

Ат-Башы: Таштандыдан брусчатка өндүрүлө баштады Толугу менен »

Нарын: Жылына 100-150 тонна жүндөн кийиз жасалууда

Кара-Бүк аймагындагы жүн иштетүүчү цехте күнүнө 300 килограмм жүн иштелип кийиз жасалат. Бул үчүн жылына 100-150 тонна жүн алынат. Бул жерде жасалган кийиздин 90 пайызы Ысык-Көл облусуна сатылууда. Цех кара жүндун килограммын 5-10, ал эми ак жүндү 20-30 сомго чейин сатып алат. Учурда цехте 5 адам иштеп,  жумуш орду менен камсыз болгон. Цех ишкер К.Жакшылыков …

Нарын: Жылына 100-150 тонна жүндөн кийиз жасалууда Толугу менен »

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Бүгүн, 30-декабрда саат 03:52де кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында Нарын шаарынан 155 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда жердин силкинүүсү сезилген эмес.