DOLON MEDIA

Коом

Жол тескөөчүлөргө боди камералар тапшырылды

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жол тескөөчүлөрү мындан ары облус аймагындагы жол кыймылын камсыздоодо боди камералар менен иш алып барышат. Бөлүмдөн билдиришкендей, шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн  кызматкерлерине саптык кароо өтүп, күнүмдүк кызматка чыгууда ар бир кызматкердин төшүндө байкап туруучу  27 боди камералар тапшырылды. Камера менен Нарын облустук ички …

Жол тескөөчүлөргө боди камералар тапшырылды Толугу менен »

Нарын-Баетов унаажолунун 39-40 чакырымы жабылат

Бүгүн, 27-январдан баштап Нарын-Баетов унаажолунун 39-40-чакырымы убактылуу жабылат. Бул тууралуу, “Куланак өрөөнүнүн борбордук бөлүгүн сугат суусу менен камсыздоо” долбоорунун техникалык көзөмөлдөөчүсү Анарбек Сокеев билдирди. Маалыматка караганда, Нарын районунун Куланак айыл аймагындагы “Куланак” каналын куруу долбоорунун алкагында көпүрө салуу жумуштарына байланыштуу Нарын-Баетов жолунун 39-40-чакырым тилкеси  (Бактерек-Жылуу суу аралыгы) жабылат. Көпүрө курулушу толук бүткөнчө  автоунаалар убактылуу салынган …

Нарын-Баетов унаажолунун 39-40 чакырымы жабылат Толугу менен »

“Интернетсиз күн”

Ж.Коңурбаева атындагы  Нарын шаардык борборлоштурулган  китепканасында “Интернетсиз күн” деп аталган иш-чара өтүп, ага 7-класстын окуучулары чакырылган. Анда китепкана кызматкерлери окуучуларга интернеттин пайдалуу жана зыяндуу жактарын бөлүп көрсөтүп, интеллектуалдук оюндардын жардамы менен балдарды гаджеттерди туура пайдалануу боюнча түшүндүрүү  иштерин жүргүзүштү.

Курулушта ката кетирген компаниялар лицензиясынан ажырайт

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында курулушта одоно ката кетирген компаниялар болсо лицензиялары алына тургандыгы айтылды. Мындай пикирин Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору Ислан Момоконов билдирип, департамент  тарабынан курулуш компаниялардын кара тизмеси даярдалганынайтты. Анын айтуусунда, Нарын облусу боюнча кара тизмеге кирген курулуш компаниялары азырынча жок, бирок …

Курулушта ката кетирген компаниялар лицензиясынан ажырайт Толугу менен »

Кызамык оорусу күч алууда

Өткөн жылдын январь айында кызамык оорусунун 27 учуру катталса, үстүбүздөгү жылдын 22-январына карата 30 учур катталды. Нарын райондор аралык мамлекеттик санепид көзөмөлдөө борборунун врач-иммунологу Гүлай Дуулатова ооругандардын көбү 14 жашка чейинки балдар жана  эмдөө албагандар экенин билдирди. Райондор боюнча алсак, 15 учуру Нарын шаарында,  6 учуру Нарын районунда, 5 учуру Ат-Башы,  Кочкордо  2, Жумгал менен …

Кызамык оорусу күч алууда Толугу менен »

Кочкор: Бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилген

Кочкор районунда бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыр Ормон-Хан айыл өкмөтү) жана Кочкор райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен аталган айыл аймакта жайгашкан бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин …

Кочкор: Бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилген Толугу менен »

Жылуулук ишканасы 43 миңге жакын гигакаллорий жылуулук өндүрдү

Нарын жылуулук берүү муниципалдык ишканасы  өткөн жылдагы жылуулук  берүү  мезгилинде 42 миң 723 гигакаллорий  жылуулук  өндүрүп,  сатуудан түшкөн каражат 112 миллион 772 миң сомду түздү. Ишкананын башчысы  Мирлан Аманбаевдин айтуусунда, бүгүнкү күнгө карата  28 откана иштеп, 116 көп кабаттуу турак жайды, 63 менчик турак жайды, 65 бюджеттик мекемелерди   жана 2565  абонентти жылуулук менен камсыздайт. Жылуулук …

Жылуулук ишканасы 43 миңге жакын гигакаллорий жылуулук өндүрдү Толугу менен »

Жылуулук 25 пайызга жогорулады

Нарын шаарында жылуулукка болгон төлөм акы 25 пайызга жогорулады. Министрлер Кабинетинин №287- токтомуна ылайык  жылуулукка болгон тариф эки этап менен көтөрүлөт. Өткөн жылы калк 1 гигакаллорий  үчүн 1248 сомдон төлөп келишсе, быйылкы күз-кыш мезгилинде тариф саясатынын биринчи этабы ишке ашып, 1560 сомдон төлөп жатышат. “Буга чейин мамлекет тарабынан ар бир абонентке 65 пайыз төлөм (субсидия) …

Жылуулук 25 пайызга жогорулады Толугу менен »

Нарынга канча кар жаады, жолдордо абал кандай?

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел, Чар, Түз-Бел, Ак-Бейит ашууларында жана унаа жолдордо абал туруктуу. Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Кубанычбек уулу Нурбектин айткандарына таянсак, Долон ашуусуна 3-4 см,  Оттук капчыгайына 4-5, Кызыл-Бел ашуусуна 1-2 см, Чар участкасына 3-4 см, Нарын-Орук-Там унаа жолуна 2-3 см  кар жааган.  Ал эми Торугарт, Түз-Бел, Ак-Бейит …

Нарынга канча кар жаады, жолдордо абал кандай? Толугу менен »

Нарын: Чоң-Жалбызды суусунда жарым кылым жаткан куту табылды

Нарын районуна караштуу Жаңы-Талап айылындагы Чоң-Жалбызды суусунда 54 жыл жаткан куту табылды. Бул тууралуу Токтогүл Осмокеева аттуу айым фейсбукка жарыялап, “Водовод” суу алуучу жайын куруу тарыхын бөлүшкөн. “Чоң-Жалбызды кичи жайлоосундагы булактын оозуна капсула салууда бөтөлкөнүн  ичине салынып, кошо куюлган “тарыхый кагаз” табылды. Бул кагазда 1970-жылы Ала-Арча ПМКсынын жумушчулары тарабынан 26-апрелден 8-сентябрга чейин Жалбызды булагынан алынган …

Нарын: Чоң-Жалбызды суусунда жарым кылым жаткан куту табылды Толугу менен »