DOLON MEDIA

Чарба

Айдоочулук күбөлүккө мопед үчүн категория киргизүү сунушталууда

Ички иштер министрлиги кыймылдаткычынын кубаты 50 кубдан төмөн болгон мопед, мотоциклдер үчүн айдоочулук күбөлүктүн категориясын киргизүүнү сунуштайт. Бул тууралуу министрликтин алдындагы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Байказы Айтикул уулу “Азаттыкка” ырастады. “Мисалы, күбөлүктөгү “А” категориясына кошумча кылып “А1” деген сыяктуу болуп кошулат. Бул боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Ишке аша турган болсо, …

Айдоочулук күбөлүккө мопед үчүн категория киргизүү сунушталууда Толугу менен »

Ат-Башы: Малчылардын көйгөйү чечилди

Малчылардын көйгөйүнө айланган Жаңы-Жер жайлоосуна көпүрө жана жол салынды. Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер жайлоосуна бара турчу жол жана  көпүрө салынып, колдонууга берилди.  Бул үчүн Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 миллион  200 миң сом бөлүнгөн. Ал эми Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан керектүү курулуш материалдары берилип, куруу жумуштарын  Казыбек-Кара-Коюн муниципалдык ишканасы жүргүздү. Салынган жолдун узундугу …

Ат-Башы: Малчылардын көйгөйү чечилди Толугу менен »

Жаңы алынган электро бустар 19-августтан тарта каттамга чыгат

Нарын шаарында коомдук унааны өнүктүрүү максатында сатылып алынган электробустар  19-августтан баштап  каттамга чыгат. Бүгүн, 15-августа автобустардын ачкычын айдоочуларына облус жетекчиси Алтынбек Эргешов, калаа башчысы  Канболот Тутуев тапшырып, коомдук транспорт элге кызмат кылган акжолтой болушун тилек кылышты. Буга чейин электробустарды токтотуучу жайы даярдалып, айдоочулар окутулуп жана кубаттай турган станциясы орнотулган. Маалымат үчүн белгилесек, коомдук унаалар 66 …

Жаңы алынган электро бустар 19-августтан тарта каттамга чыгат Толугу менен »

Статком жарым жылда ички дүң өнүм 560 млрд сомго жеткенин билдирди

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) ушул жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 560 млрд сомго жакындап, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1% көбөйдү. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 237 млрд сомду түздү. Курулушта оң тенденциялар байкалып, мында көлөмдүн өсүшү 48,5% болду. Дүң жана чекене соода 21%, айыл чарбасы 3,3% түздү. Январь-июнь …

Статком жарым жылда ички дүң өнүм 560 млрд сомго жеткенин билдирди Толугу менен »

Нарын: 129 уй  союлуп, жок кылынды

Нарын районунда жыл башынан бери 129 уйдан бруцеллез ылаңы табылып, алар ветеринардык эреженин негизинде союлуп жок кылынды. Бул тууралуу маалымат Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынан алынды. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери бруцеллезго карата серологиялык изилдөөгө 5 миң 537 уйдан кан алынып Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна жөнөтүлгөн.  Анын жыйынтыгы менен Дөбөлү айыл аймагынан 14, Чет-Нурадан …

Нарын: 129 уй  союлуп, жок кылынды Толугу менен »

Кочкор: Селдин кесепеттери жоюлууда

“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №14-Жол тейлөө мекемеси тарабынан  Нарын облусунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 0-15 чакырым  аралыгында жүргөн кыян-селдин кесепеттерин жоюу, жолду калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Жеринде 300 м3 кум шагыл тартылып, бир суу өткөрүүчү түтүк калыбына келтирилди. Ошондой эле, 4-чакырымында  жолдогу суулар агуучу арык (кювет) жана 13- чакырымында жол тасмасы калыбына келтирилди.  

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда

Жумгал районунун үч айылында сел коркунучтарын алдын алуу иштери жүрүүдө. Тагыраагы,  Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарындагы  сел жүрүү коркунучу бар аймактарда сел сууларын алдын алуу үчүн каналдарды казуу, бөгөт тосмолорун түптөө жана саздак жерлерге дренаждарды казуу иштери жүрүп жатат.   Райондук администрациядан билдиришкендей, бул жумуштар “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоор Чаек айыл …

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда Толугу менен »

Нарын облусунда “Кыргыз Шырдагы XV” фестивалы өтөт

28-29-июнь күндөрү салтка айланган Кыргыз Шырдагы фестивалы  Нарын районундагы “As F Nomad”  эс алуу жайында манасчылардын жана кол өнөрчүлөрдүн жүрүшү менен башталат. Уздар мастер класстарды өткөрүшөт, “Сармерден” оюну сыяктуу маданий иш чаралар болот. Каалоочуларга туристтик маршруттар сунуш кылынат. Ага удаалаш эле Нарын шаарындагы “Алма Бак” паркында кол өнөрчүлөрдүн эмгектери соода-сатыкка коюлат. Кечкисин от, жагылып чоң …

Нарын облусунда “Кыргыз Шырдагы XV” фестивалы өтөт Толугу менен »

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 6-июнда Бээжин шаарында өткөн “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына кайрылуу жасады. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Садыр Жапаров бул проектти ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя экенин, долбоор “Бир алкак – бир жол” демилгесинин …

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду Толугу менен »

Президент Жапаров ишкерлер менен ККМ маселесин талкуулады

Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук коштомо кагаздарды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураларды киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү. Ал салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү көмүскө экономиканы азайтууга, мамлекет менен ишкерликтин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Ишкерлер электрондук товардык коштомо …

Президент Жапаров ишкерлер менен ККМ маселесин талкуулады Толугу менен »