DOLON MEDIA

БУУ өкүлү журналисттер боюнча ишти калыс карап чыгууга үндөдү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы Кыргызстанда эки журналист абакка кесилип, дагы бир нечеси шарттуу соттолгонуна тынчсызданууда. Бул тууралуу бүгүн 10-октябрда башкармалыктын өкүлү Сейф Маганго билдирди «Биз бийликти алардын иши адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттардын негизинде толук каралып чыгышын камсыздоого чакырабыз. Биз бийликти Кылмыш-жаза кодексиндеги журналисттерди жана башкаларды алардын негизги укуктарын, анын ичинде өз пикирин эркин билдирүү укугун ишке ашыруусу үчүн жоопко тартуучу бүдөмүк нормаларды кайрадан карап чыгууга үндөйбүз», – деди БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын өкүлү. Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист быйыл январь айында кармалган.10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту долбоорлордун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга жана кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылга шарттуу соттолуп, камактан бошотулду. Сапар Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев жана Акыл Орозбеков күнөөсү жок деп табылды. Сот өкүмүндө күнөөлүү деп табылгандар “видеоматериалдарында бийликти жаманатты кылып”, “жапырт башаламандыкка кыйыр түрдө үндөгөнү” айтылды. Адвокаттар сот ошол видеолорду талдоо үчүн мамлекет жалдаган лингвист адистер менен саясат талдоочулар чыгарган “негизсиз бүтүмгө” таянганын белгилешти.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.