Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына Жаңы жылдык балаты тигилип кооздолду.
Балаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2019-жылы 1.5 миллион сомго сатылып алынган. Анын туурасы 4,5 метр болсо, бийиктиги 12 метрди түзүп, быйыл алтынчы ирет орнотулуп жатат.
Нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Нурзада Мукашова быйыл балаты кооздогонго жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом сарпталган.