DOLON MEDIA

Бишкек шаардык соту Ташовдун иши боюнча адвокатынын апелляциялык арызын четке какты

Бишкек шаардык соту 23-сентябрда “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши боюнча ишкердин адвокатынын Бишкектин Биринчи май райондук соту четке каккан өтүнүчтөрү боюнча апелляциялык арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Имамидин Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков билдирген. Ал Биринчи май райондук сотунда баштапкы соттук угууда Имамидин Ташовдун бөгөт чарасын өзгөртүп эркиндикке чыгаруу, кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарын бузуу менен чогултулган метериалдарды иштен алып салуу боюнча өтүнүчтөрдү берген. Сот бардыгын четке каккан. Буга байланыштуу Самат Матцаков Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Имамидин Ташовдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 23-августта карала баштап, 26-августта баштапкы соттук угуу аяктаган. Эми иштин өзүн кароо башталат. Азырынча соттук жараян дайындала элек.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Имамидин Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков билдирген. Ал Биринчи май райондук сотунда баштапкы соттук угууда Имамидин Ташовдун бөгөт чарасын өзгөртүп эркиндикке чыгаруу, кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарын бузуу менен чогултулган метериалдарды иштен алып салуу боюнча өтүнүчтөрдү берген. Сот бардыгын четке каккан. Буга байланыштуу Самат Матцаков Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Имамидин Ташовдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 23-августта карала баштап, 26-августта баштапкы соттук угуу аяктаган. Эми иштин өзүн кароо башталат. Азырынча соттук жараян дайындала элек.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.