DOLON MEDIA

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылып, кар көчкүлөр түшүрүлөт

2026-жылдын 14-мартында саат 14:00дөн 18:00гө чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 294-304-чакырымдарында (Кара-Үңкүр капчыгайы) кар көчкү коркунучун алдын алуу максатында кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы убактылуу жабылат.

Айдоочуларды түшүнүү менен мамиле жасап, коопсуздук эрежелерин так сактоону жана мүмкүн болсо, бул убакытта жолдун бул бөлүгүнөн жүрбөөнү суранат аталган министрлик.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.