DOLON MEDIA

Беш айлык ымыркайы менен курьер болуп иштеген эне үйлүү болду

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания 1 бөмөлүү батир берди. Бул маалыматты МИК 2-мартта таратты.

Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап жаткан. Көз жаргандан төрт күн өткөндөн кийин эле жумушка чыгып, тигүү цехинен иш тапканын айтып берген.

Куттубек кызы тууралуу видео жарыялангандан кийин элден анын эсебине чогулган каражат 1 миллион сомдон ашканын өзү “Азаттыкка” билдирген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.