DOLON MEDIA

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова эне болду

Ал кубанычтуу кабары менен 1-мартта социалдык тармактарга бөлүштү.

Жердешибиз Айсулуу Тыныбекова “Азыр үчөөбүз барбыз” деп жазып, куттуктоолор үчүн баарына ыраазычылыгын билдирди. Айсулуу Тыныбекова 2025-жылы январь айында турмушка чыккан. Жолдошу Бакберген Абдымиталипов дагы спортчу.

Айсулуу Тыныбекова — кыргызстандык көрүнүктүү спортчу, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку (2019, 2021, 2023) жана Азиянын алты жолку чемпиону, ошондой эле Олимпиада оюндарынын күмүш (Токио-2020) жана коло (Париж-2024) байге ээси.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.