1999-2000-жылдагы Баткен коогалаңында өлкөнүн бүтүндүгүн коргоодо аскердик милдетин өтөп жатып каза болгон жоокерлерди эскерүү митинги, бүгүн, 25-октябрда Нарын шаарындагы “Ж.Акималиев” атындагы парктагы эстелик алдында өттү.
Алгач, мекенди коргоп жатып, чек арада баатырларча курман болгон жоокерлердин ысымдары жазылган эстелик алдына гүл чамбар коюлуп, куран окулуп, эскерүү мүнөтү жарыяланып, асманга ок чыгарылды. Андан соң, эскерүү иш-чарасына катышкан облустук, шаардык бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн башчылары, ардагерлери тынч жаткан элдин уйкусун бузуп Баткен жерине душмандар басып киргенде, мамлекеттин бүтүндүгүн, чек аранын бекемдигин коргоодо окко учкан жоокерлердин жана коогалаңда аман-эсен кайтып келген ардагерлердин эрдигине таазим этишип, алардын эрдиги түбөлүк айтылып, келечек муун үчүн өрнөк болоорун белгилешти.
Ошондой эле ал учурда мамлекет армияны каражат менен камсыздай албай турган мезгил болгонун, бирок кыргыз жоокерлери материалдык муктаждыкка карабай мекенге болгон берилгендик, мекенге болгон сүйүүнүн арты менен душмандын мизин кайтарганын эскеришти. Ошондой эле Баткен согушуна катышкан жоокерлердин, ардагерлердин мекенди коргоодогу салымы баа жеткис экени айтылып, мамлекеттин көз карандысыздыгын көздүн карегиндей сактап, өздөрүнүн өмүрүн аябастан, ата мекендин, элдин эркиндигин коргоп келишкенин баса белгилешти.
1999-2000-жылдагы Баткен коогалаңына Нарын облусунан 450 жоокер аттанып, тогузу мекен чегинде окко учкан. Жыл сайын 26-октябрь күнүн Баткен коогалаңынын курмандыктары эскерилип, артында калган үй-бүлөсүнө жана согуштун ардагерлерине материалдык жардамдар берилип келет.
Маалымат үчүн белгилесек, 1999-2000-жылы жай айларында Өзбекстан ислам кыймылынын террордук согушкерлери Кыргызстандын чек арасын Баткен облусунун Телбе жана Бокбашы ашуулары аркылуу бузуп кирип, Кыргызстандын аскерлери менен кагылышуу болгон. Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын, райондук администрациянын кызматкерлерин, ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Динге жамынган террорчулардын бул аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Бул куралдуу кагылышуу “Баткен коогалаңы”, “Баткен согушу”, “Баткен окуясы” деген ат менен тарыхта калды. Зардалыда мектеп менен мечитте 45 күн Өзбек ислам кыймылынын кара байрагы илинип турган. Кишилер мыкаачылык менен өлтүрүлүп, барымтага алынган. Бул аскердик операцияга 2000 миңдей аскерлер тартылып 50дөн ашыгы курман болуп, жүздөгөн аскерлер жараат алган. Кыргыз чалгынчылары экстремисттик топтун мүчөлөрү Афганистанда, Тажикстанда согуштук даярдыктан өтүшкөнүн аныкташкан.