DOLON MEDIA

Басып алган жерлерди кайтарып алуу иштери башталды


Нарын шаарындагы мыйзамсыз басып алган жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча иштер баштады. Учурда 34 адамга мыйзамсыз тосулган жерлерди, курулган дубал, тосмо, короолорду жылдыруу боюнча сунуштама берилди.

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакыт Усубалиевдин Долон медиага билдирүүсү боюнча биринчи кезекте сунуштамалар чоң жер аянтын ээлеп алгандарга берилүүдө.

“Мамлекеттик “Кадастр” мекемесинин Нарын филиалы менен такталган 2500 дөн ашык жер аянтын кайтарып алуу маселеси турат. Жерлерди ээлеп алгандар Президентке, Жогорку Сотко чейин арыз жазып атышат,  бирок биз мыйзам чегинде жерлерди шаарга кайтарышыбыз керек дейт”,- Б.Усубалиев.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.