DOLON MEDIA

 Балыкчы-Кочкор унаа жолу жабылат. Себеби…

Бүгүн, 27-декабрдан баштап Балыкчы-Кочкор унаа жолунун айрым тилкелери жардыруу иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

“Кыргыз темир жолу”  мамлекеттик ишканасынын билдирүүсүнө ылайык, “Балыкчы-Кочкор” темир жол куруу долбоорунун алкагында долбоорлонгон темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыгы аска таштарды бойлоп өткөндүктөн, бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу  2024-жылдын 27-декабрынан баштап 2025-жылдын 27-январына чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырым аралыгы Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки бөлүгү аталган аймакта адамдардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктарды алдын алуу максатында мезгил-мезгили менен жумасына үч ирет дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 08-00-17.30га чейин жабылат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.