Ушул жылдын 21-22-октябрь күңдөрү Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл чарба продукцияларын дүң баада сатуу менен калкты арзан азык-түлүк менен камсыздоо максатында Нарын шаардык Кеңеши жана Нарын шаардык мэриясы биргелешип уюштурууда.
Шаардык кеңештен билдиришкендей, жарманкеге калаага жакын жайгашкан райондорунун дыйкан-фермерлери өздөрү өндүргөн картошка, сабиз, пияз сыяктуу айыл-чарба азыктарын алып чыгышат. Мындан тышкары, дүңүнөн соода-сатык жүргүзгөн жеке ишкерлер тарабынан күнүмдүк керектелүүчү ун, май, кумшекер жарманкеге коюлуп, шаар тургундарына арзандатылган баада азык-түлүктөрдү сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Андыктан, шаар бийлиги калкты ортомчусуз ыңгайлуу баада азык-түлүк продукцияларын сатып алууга чакырууда.
Жарманке 21-22-октябрь күндөрү Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта таңкы саат 10.00 дөн кечки саат 18.00го чейин болот.