DOLON MEDIA

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Бүгүң 28-февралда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын имараты ачылды. Бир жылда курулуп бүткөн бул имарат калкты тейлөө имараты тиешелүү техникалык жабдыктар менен жабдылган. Кызматкерлердин айтымында райондогу курулуш иштерин  буга чейин колго чийип беришчү, эми райондо кандай курулуш долбоорлору болбосун атайын жабдыктар менен аткарылат.  Иш чарага  курулуш жана архитектура министри Нурдан Орунтаев катышты.  Облус башчысы Нурбек Сатаровдун айтымында учурда облус боюнча 150 ар кандай курлуштар курулууда. Алардын баары калкты тейлөө мекемелери болуп саналат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.