Бишкек шаарында өтүп жаткан Элдик курултайга Ат-Башы районунан барган делегаттар беш маселе көтөрөт.
Алсак, Ак-Моюн жана Талды-Суу айылдарын бириктире турган көпүрө, Кошой коргон чебине “Кошой Ордо” этнокомплексин, Ичке Таш-Рабат каналын куруу сунушталат. Мындан тышкары, Үч суунун куймасы деп аталган сууга чакан ГЭС салуу жана райондук ооруканага томограф аппартын алуу зарылдыгын бийлик өкүлдөрүнө жеткиришет.
Үчүнчү Элдик курултайга Ат-Башы районунан 9 делегат катышууда.