DOLON MEDIA

Ат-Башы: 30 миңдей мал эмдөөдөн өткөрүлдү

Ат-Башы районунда эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо  жана  мал ылаңдарын алдын алуу багытында жасалып жаткан иштер боюнча штабдын жыйыны өтүп, анда бруцеллёз, сибирь жарасы сыяктуу  жугуштуу ооруларды алдын алуу, ага каршы эмөө жүргүзүү, ветеринардык-санитардык эрежелердин сакталышы тууралуу  маалыматтар айтылып, алдын алуу талкууланды.

Отурумда калк арасында оорулардын тобокелдик факторлорун азайтуу, жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле  ар бир айылга Беккари чуңкурларын куруу, иштеп жаткан чуңкурларды ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү айыл өкмөт башч ларына милдеттендирилди.

Сибирь жарасы ылаңын алдын алуу максатында райондун аймагында  бул ооруга каршы 2 миң 255 жылкы, 14 миң 909 баш ири мүйүздүү мал, 17 миң 277 баш кой-эчки эмдөөдөн өткөрүлгөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.