Ат-Башы районунда 1400 гектар айдоо аянтына үзгүлтүксүз сугат суу жеткирүү үчүн алты чакырым канал курулуп, пайдаланууга берилди.
Жаңы ишке кирген канал райондун Кара-Суу жана Кара-Булуң айылдарынын дыйканчылык талааларын сугат суу менен камсыздайт. Анын курулушу 2023-жылы башталып өлкө казынасынан 25 млн. сом сарпталган. Бөлүнгөн бул суммага курулушка керектелүүчү материалдар алынса, жумуштары айыл тургундарынын күчү менен жүзөгө ашырылган. Эмгектенген жумушчулардын акысына Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк прграммасы тарабынан ар бир кишиге 300 килограммдан ун 30 литрден суу май берилген.