Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бурген айылаймагына караштуу Кара- Бүргөн айылынын көчөлөрү жарыктандырылды. Аталган айылдын айыл башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, көчөлөрдү жарыктандыруу максатында жергиликтуу бюджеттен 350 мин сом бөлүнүп, Кара-Бүргөн айылынан Төш-Булак конушуна чейин жана Капар Маметов атындагы борбордук көчөгө көчө чырактары орнотулган.
Жалпы 2500 метр аралыкка 46 даана көчө чырагы мамылары менен кошо коюлду