DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Жайлоодо чоң өлчөмдөгү адамдын сөөктөрү табылды

Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Байгөнчөк айылынын Орто-Сырт жайлоосунан чоң өлчөмдөгү адамдын сөөктөрү табылган. Аны өткөн жылдын июль айларында Табрис Оторов атындагы мектептин окуучусу Байэл Илимбеков ат издеп жүрүп көрүп калган.

“Жайында Орто-Сырт жайлоосунда ат издеп жүрүп көрүп калдым. Бир коктуда кичинекей жар бар, ошондо экен. Жаан жааганда кыян жүрүп ачылып калган окшойт. Өтүп баратып көрүп сүрөткө тартып алдым.  Дароо эле билдим адамдын сөөгү экенин, бирок корккон жокмун. Сөөктөр чоң экен, айрымдары бири-биринен ажырап кетиптир. Келип атама айттым. Сүрөттү апамдын телефонуна тарткам, кийин унутуп калыпмын. Бир күнү апамдын телефонун карап отуруп баягы сүрөттөрдү көрүп, эстеп анан география мугалимибиз Султанбек агайга айтып, сүрөттөрүн көрсөттүм”,- деди Б.Илимбеков.

Ал эми аталган мектептин география мугалими Султанбек Жумакадыров менен байланышканыбызда  бул окуя боюнча Байэл ага күзүндө айтканын билдирди. Бирок алар археологдорго,  тарыхчыларга билдирише элек.

Учурда кыш болгондуктан ал жакка барууга азырынча мүмкүн эмес. Жаз келип кар эрисе баруу пландалып жатат.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.