DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Окуучулар азык-түлүк жарманкесин уюштурушту

Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде жарманке өттү. Ал мектеп парламенти тарабынан уюштурулуп, окуучулардын колунан жасалган шириндик, таттуулар жана ширелер коюлду. Мектеп парламентинин жетекчиси Чынар Рысмендееванын айтымында, мындай жарманке жыл сайын салт катары өткөрүлүп келет.

“Биринчиден балдар эмгекке тарбияланат. Анткени жарманкеге коюлган азыктарды окуучулар өздөрү жасашат. Экинчиден, өз эмгегин баалап, сатууга, акча каражатын пайдаланууга үйрөнөт. Окуучулар тыныгуу убагында өздөрү каалаган татууларды сатып алышат. Кааласа чай жана шире да бар”,- деди ал.

Жарманкеден түшкөн акча парламент тарабынан ар кандай иш-чараларды уюштурууга, муктаждыктарын жоюуга  жумшалат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.