DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Мектептеги камераларды ИИМ көзөмөлүнө алат

Билим берүү мекемелериндеги видеокамераларды  эми Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт. Мындай маалыматты балдар арасындагы  жана үй-бүлөдөгү балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу максатында өткөн жыйында айтылды.

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Бакыт Кылычбек уулунун айтымында,  учурда мектеп, бала бакчаларда видеокамералардын маркалары такталууда.

“Кибер коопсуздукту алдын алуу максатында билим берүү мекемелериндеги видеокамераларды  Ички иштер министрлигине кошуу аракеттери көрүлүп, мындан сырткары   кароолчу, металлодетектор коюу талаптары болуп жатат. Биздин жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматынын 6 кызматкери аймактагы 18 мектеп,  1кесиптик лицейди тейлейт. Бул ар бир кызматкерге 1347 окуучу туура келет дегендик. Министрликтен районго дагы жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү 4 кызматтык бирдик сурап жатабыз” -деди Б.Кылычбек уулу.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.