Ак-Талаада 3-декабрь -Эл аралык майыптар күнүнө карата райондук маданият үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кыз-жигит “Сармерден” оюну уюштурулду. Иш-чара 15-ноябрынан 15-декабрына чейин “Биз биргебиз” аталыштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү жөнүндө бир айлык алкагында өттү.
Айлыктын алкагында, аталган сармердендин катышуучуларына мекеме-ишканалардын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 45 миң сом акча каражаты берилди. Мындан тышкары, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 30 миң сом жана айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинен 100 миң сомдон бөлүнүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай жардамдар берилди. Ошондой эле, “Ак-Талаа айымдары” коомдук фонду тарабынан 28 жашка чейинки 1-топтогу майып 50 жаранга азык-түлүк салынган себеттер тапшырылды