Баетов айылынын 40 жаштагы тургуну А.З интернет шылуундардын торуна илинген. Айтымында, ишемби күнү эртең мененки саат 9дарда ага бейтааныш номерден аудиочалуу болуп, анда чалган адам орус тилинде өзүн Нурбулатов Нариман деп тааныштырган.
“Майор Нариман Нурбулатовмун ИИМден чалып жатам. Сиздин наамыңызда башка бир адам 200 миң сом өлчөмүндө Улуттук банктан насыя алыптыр. Ошол адамды эми кармашыбыз керек. Муну сиз гана билишиңиз керек, эч кимге айтпаңыз. Болбосо жооп берип каласыз. Азыр сизди банктын кызматкери менен байланыштырам. Телефонду койбой туруңуз “-деди да. дароо эле башка бир адамды байланышка кошту. Ал болсо “сиз азыр 150 миң сомго насыяга билдирме бериңиз. Биз ошол аялды сиздин акчаны чыгарып аларда кармашыбыз керек. Азыр вотсап номерге бир тиркеме барат, дароо көчүрүңүз”-деди.
Мен чындыгында ИИМденмин десе дароо өзүмдү жоготуп койдум. Баягы келген тиркемени ачканымда алар менин телефонумду күзгүдөй даана көрүп турушту да, аны бас, муну бас деп үйрөтүп, заматта 150 миң сомдун билдирмеси даяр болуп жөнөтүлдү. Бир убакта мага билдирме кабыл алынбагандыгы тууралуу кат келди”- деди А.З.
Көрсө, Мбанк номер А.Знын жолдошунун наамында болуп, анын эсебинде акча жок экен. Өзүн ИИМ кызматкеримин деген адам кайра байланышып, мбанк өзүнүн наамында ачууну сунуштанган.
“Биздин сүйлөшүүбүздү эч кимге айтпа жашыруун болсун, антпесе биз алдамчы аялды кармай албай калабыз” десе А.З. ишенип, үйүндө ар кайсы бөлмөгө жашынып, сүйлөшүүнү уланта берген.
“Мен аларга ишенбей коюуга мүмкүн эмес болчу, анткени алар кызматтык күбөлүктү, Улуттук банктын документин жана печать басып кол коюп жаткан видеону жөнөтүштү. Алар өздөрү да милиция формасында экен. Бир байкаганым алар адамды дароо манипуляция кылышат экен. Балким Мбанк номер өзүмдүн наамымда же жолдошум келип чай ичебизби дебесе 150 миң сомго күйүп отуруп калмак экенмин. Аз жерден Кудай сактады. Бат эле алданат экен адам. Оюмда аферистти кармаганга жардам берип жатам деп ойлодум”-деди А.З.