DOLON MEDIA

Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 26-октябрда эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 18-октябрда Мадумаровго козголгон кылмыш ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу жабык өткөн. Жараянга анын адвокаттары гана киргизилген. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленген. Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген белги коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын маалымдаган. Мадумаров өзүнө каршы ачылган кылмыш ишинин саясий өңүтү бар экенин айтып келет. Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген депутатты милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.