Нарын шаарындагы Карга-Жайлоо таштанды полигонунун жанына таштанды сорттоочу кичи ишкана курула баштады. Ишкана ишке берилгенде таштандынын 36 түрү ылгана баштайт.
Турмуш-тиричилик калдыктарын сорттоочу ишкана жалпысынан 90 миң долларга курулат. Бул үчүн Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында 60 миң долларлык кайтарымсыз колдоо көрсөтүлсө, ишкананы куруп жаткан “Мелисса Строй Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомунун өздүк салымы 30 миң доллар болот.
Кичи заводдун ишке кириши менен 15 адам иш менен камсыз болоору айтылууда.