DOLON MEDIA

Энергетиктер күнү белгиленди

22-декабрь-Энергетиктердин кесиптик күнүн утурлай облус жетекчилиги салтанаттуу иш-чара уюштуруп, кесип ээлерин куттуктап, сыйлыктарын тапшырды.

Дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров салтанатка катышып энергетиктерди кесиптик майрамы  жана энергетика тармагынын түзулгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Салтанатта бир катар энергетиктерге  “М.Сыдыков”, “К.Акназаров” атындагы төш белгилер, өкүлчүлүктүн жана министрликтин Ардак грамоталары тапшырылды.

Бүгүнкү күндө энергетика тармагын жакшыртуу максатында облустун потенциалына ылайык жалпы кубаттулугу  100 мегаваттык  “Куланак” ГЭСи, Ат-Башы  районунун Ак-Муз айылына караштуу Кичи  Ача учаскасында, Ак-Талаанын Тоголок Молдо айылында  1 мегеваттык чакан ГЭСтер  курулуп жатат.

Маалымат үчүн белгилесек, Нарын облусунда эң биринчилерден болуп  1939-жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылында алгачкы  электр жарыгы жанган.  Ал эми  Нарын облусу  электр энергиясы  менен 1980-жылы  толук камсыздалган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.