DOLON MEDIA

“Биз биргебиз!”- майыптар өнөрүн тартуулашты

3-декабрь -Эл аралык майыптар күнүнө катары Нарын шаарлык мэриясы атайын салтанат уюштурулуп, “Биз биргебиз!”  деген ураан алдында  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чара Ж.Шералиев атындагы балдардын музыкалык мектебинде өтүп, алгач бүгүнкү күндө Нарын шаарында  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан коомдук уюмдарда иштеп, майыптыгы бар жарандардын жашоо шартын жакшыртуу, аларды колдоп коомго аралыштыруу максатында иштеп жаткан коомдук уюмдардын ишине ыраазычылыктар айтылды.

Салтанатта коомдук уюмдардын күчү менен  даярдалган майыптыгы бар жарандардын ичинен  өнөрлүү, чыгармачылыкка кызыккандар менен Нарын шаардык маданият үйүнүн кызматкерлеринин биргелешкен концерттик программасы тартууланды.

Маалымат катары айтсак, жергиликтүү бюджеттен 130 миң сом бөлүнүп,  200  ДМЧ жаранга 500 сомдон, 1-топтогу  30 ДМЧ жаранга 1 миң сомдон почта аркылуу таратылып баштады. Мындан тышкары демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 10 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары тапшырылды.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.