DOLON MEDIA

33 миллион сомго ФОК реконструкцияланып жатат

Нарын шаарындагы Ден соолукту чыңдоо борбору  капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул үчүн  республикалык бюджеттин эсебинен 33 миллион сом бөлүнгөн.

“Учурда ичи жылууланып, жылуулук берүү жабдуулары орнотулуп, терезелери алмаштырылып жатат. Ошондой эле ичи, тышы жарыктандырылып, кийинип-чечинүү, жуунучу бөлмөлөрү менен окуу- машыгуу сабактарын өтүүгө, республикалык, эл аралык, облустук жана шаардык алкактагы  мелдештерди уюштурууга ылайык шарттар түзүлүп,  реконструкция жумуштары жаз алды менен аяктайт. Мындан тышкары республикалык бюджеттин үлүштүк дем берүүчү грантынан борбордун алдына “Спорттук сквер” салынып,  аллеялары жаңыртылып таш таман төшөлүп спроттук мелдештерде байгелүү кайткан спортсмендерди салтанаттуу тосуп алууга ылайык жасалгаланат”,-деди “Ата Тоо” балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Элзар Мусаев.

ФОКтун курулушу союз мезгилинде  башталып, бүтпөй калган. 1996-жылы курулуш жанданып колдонууга берилген. Бирок ичинде талаптагындай шарттар болгон эмес. Жылуулугу жок болгондуктан кышкысын машыгуу өткөрүүгө мүмкүн эмес эле.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.