DOLON MEDIA

11-октябрь – Эл аралык кыздар күнү.

Бул күн  2011-жылы 11-октябрда Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо жана жайылтуу багытында  негизделип, эл аралык кыздары күнү катары жарыяланган.

Маалыматтарга караганда, анын негизги максаты – кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп саналат.  Ошондой эле кыздардын билим алуусун, толук кандуу тамактануусун, медициналык тейлөөнү, коомдук укуктарын  басынтуу, күч колдонуу, өзүнүн каалоосунан тыш турмушка узатуу жана башка көйгөйлөрдү алдын алууга багытталат.

Кыздардын эл аралык күнүн белгилөө демилгеси БУУнун Генералдык Ассамблеясында Канада тарабынан сунушталган. Аны ишке ашыруу жана өнүктүрүү боюнча канадалык саясий жана коомдук ишмер Рона Эмброуз алектенген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.