Нарын жылуулук берүү муниципалдык ишканасы өткөн жылдагы жылуулук берүү мезгилинде 42 миң 723 гигакаллорий жылуулук өндүрүп, сатуудан түшкөн каражат 112 миллион 772 миң сомду түздү.
Ишкананын башчысы Мирлан Аманбаевдин айтуусунда, бүгүнкү күнгө карата 28 откана иштеп, 116 көп кабаттуу турак жайды, 63 менчик турак жайды, 65 бюджеттик мекемелерди жана 2565 абонентти жылуулук менен камсыздайт. Жылуулук трассасынын жылпы узундугу 15 миң 723 метрди түзөт.
2024-2025-жылдагы күз-кыш жылуулук мезгилине карата ремонт иштери үчүн 8 миллион 805 миң сом бөлүнүп, отканаларда ремонт иштери жүргүзүлүп, 2 миң 572 метр түтүкчө жаңы кошулуп, 1 миң 16 метр эскирген түтүкчөлөр алмаштырылган.
Нарын шаарындагы 7 мекеме “Керемет” , “Наристе Нур” бала бакчалары, Күзөт кызматы, Нарын облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, райондук оорукана, У.Асанов атындагы жатак лицейи, №9 А.Садыков атындагы мектеби жылуулук борборго кошулду.