DOLON MEDIA

Жылуулук 25 пайызга жогорулады

Нарын шаарында жылуулукка болгон төлөм акы 25 пайызга жогорулады.

Министрлер Кабинетинин №287- токтомуна ылайык  жылуулукка болгон тариф эки этап менен көтөрүлөт. Өткөн жылы калк 1 гигакаллорий  үчүн 1248 сомдон төлөп келишсе, быйылкы күз-кыш мезгилинде тариф саясатынын биринчи этабы ишке ашып, 1560 сомдон төлөп жатышат.

“Буга чейин мамлекет тарабынан ар бир абонентке 65 пайыз төлөм (субсидия) берилип келген. Бул үчүн өткөн жылы 97 миллион сом, быйыл 80 миллион сом бөлүнгөн. Мындай каржылоо 2028-жылы толугу менен токтотулат.  Биздин мекеме ошого чейин өзүн-өзү камсыздоого жетишишибиз керек. Буга байланыштуу тариф эки этап менен жогорулайт. Биринчи этабы ишке ашты, экинчи этабы июнь айында ишке ашып, дагы 25 пайыз жогорулап 1 гигакаллорий жылуулук 1950 сом болот”,-деди Нарын жылуулук берүү муниципалдык ишканасынын башчысы Мирлан Аманбаев.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.