DOLON MEDIA

Журналисттерге, ишкерлерге болгон мамиле кайра каралып чыгат

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Азаттыкка” укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирди. Ал укук коргоо органдарына мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келбеген учурларда камакка алуу менен байланышпаган чараларды көрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүү сунушталарын айтты.

“Ошол эле учурда бул бардык нерсеге жол берилет, каалаганын кыла берсе болот дегенди билдирбейт, ар бир чечим конкреттүү жагдайларга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кабыл алынат”, – деп айтылат кат түрүндө берген жообунда. Жакында эле Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар, журналисттер Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбековго жана Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге кайрылуу жасашкан. Алар акыркы жылдары журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана активисттерге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана башка беренелер боюнча козголгон иштер көбөйгөнүн белгилешкен. Ошондой эле коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам коомчулук мындан ары бардык жагдайга жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишеним артып турганы айтылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.