Белгилүү журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте 72 жашында дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланды.
Нарын Айып 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктаган. 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин бүтүргөн.
Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматы, “Res Publiсa” эркин гезити, “Кабар” улуттук маалымат агенттиги, Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, НТС телеканалы, “Вечерний Бишкек” гезити, Zanoza.kg сайты сыяктуу бир катар гезит, радио, телеканалдарда баш редактор, алып баруучу, директор болуп эмгектенген. Акыркы жылдардан бери 7-каналда башкы проюсер кызматын аркалап келген.
Нарын Айыптын артында аялы жана төрт кызы калды.