DOLON MEDIA

Жумгал: Жашоону жакшыртуу үчүн 100 миң сом

Быйыл  Жумгал району боюнча “Социалдык контрак” долбооруна 260 үй-бүлөгө квота берилип, мунун  ичинен 150 үй-бүлөнүн бизнес-долбоорлору жактырылды.  Булардын ичинен 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдун сертификаттарын тапшырды.

Белгилүү болгондой, 50 үй-бүлөнүн 42си  мал чарбачылыгы, 2өө тигүүчүлүк, 5өө соода кылууга жана 1 үй-бүлө  чач тарач багытында ишкердүүлүк жүргүзүүнү максат кылышкан.

Маалымат үчүн белгилесек, аталган долбоор 2022-жылдан тартып ишке киргизилип, пиолттук катары Жумгал районунда башталган. Ал жакшы жыйынтык көргөзгөн соң ошол эле жылы облустун ар бир районунан  50дөн аз камсыз болгон жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөр тандалып алынып, ар бирине кайтарымсыз 100 миң сомдон каражат берилген. Бул каражат аярлуу катмардагы үй-бүлөнүн чакан ишкерлик жасап турмуш шартын жакшыртып кетүүсүнө өбөлгө болууда.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.