DOLON MEDIA

Жумгал: Жапайы кара куурайлар өрттөлдү

Жумгал районунда өскөн жапайы 4 тонна 700 килограммдай кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдрди.

Анын айтуусунда,  өлкө боюнча жүрүп жаткан  “МАК-2024”  алкагында баңги заттарды мыйзамсыз сактоого, жүгүртүүгө жана таратууга каршы күрөшүү максатында аталган райондо өскөн жапайы кара куурайлар өрттөлдү.

Мындан тышкары  Кабак жана Миң-Куш  айылдарына атайын посттор коюлуп, район аймагына келген автоунаалар текшерилди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.