УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында Чаек айыл аймагынын “Жамантала” тилкесинде жайгашкан, баасы 44 млн 150 миң сомду түзгөн “Ысык суу” дарылоо- жана ден соолукту чыңдоо пункту мамлекетке кайтарылды. Минералдык булактын жалпы аянты 1,1227 гектар.
Текшерүү учурунда 2005-жылдын май айында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы жараксыз абалга келген деген шылтоо менен аталган объектини “Аккабак-Сулайман Н+” жеке фондуна убактылуу пайдаланууга өткөрүп бергени аныкталган. Кийин аталган фонд КР мыйзамдарын бузуу менен аталган кыймылсыз мүлктү каттоо органдарынан каттоодон өткөргөн.
Белгилей кетсек, минералдык булагы бар бул жай 1991-жылы нерв, муун, ичеги-карын, боор ооруларын жана семиздикти дарылоо үчүн курулуп пайдаланууга берилген. Учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан заманбап ден соолукту чыңдоо комплексин курууга инвестор изделүүдө.